39-берене. Кылмышка аракеттенүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Адам ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде каралган кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган жосунду (аракетти же аракетсиздикти), эгерде мында кылмышты анын эркине баш ийбеген себептер боюнча аягына чейин чыгарбаса, тикелей ниеттенүү менен жасоосу кылмышка аракеттенүү деп таанылат.
2. Эгерде адам кылмышты аягына чыгаруу үчүн зарыл деп эсептеген бардык аракеттерди аткарса, бирок анын эркине баш ийбеген себептер боюнча кылмыш аягына чыгарылбаса, кылмышка аракеттенүү аякталган болуп эсептелет.
3. Эгерде адам кылмышты аягына чыгаруу үчүн зарыл деп эсептеген бардык аракеттерди, өзүнүн эркине баш ийбеген себептер боюнча жасабаса, кылмышка аракеттенүү аякталбаган деп саналат.
4. Кылмышка аракеттенүү үчүн жазык жоопкерчилиги, ушул беренеге шилтеме кылып, аякталган кылмыш үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин тиешелүү беренеси боюнча аныкталат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-39" title="39-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>