# 389-берене. Согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 389-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-389

---

1. Куралын тапшырган жана коргоо каражаттары жок адамдарды, жарадарларды, бейтаптарды, медициналык кызматкерлерди, санитардык жана диний персоналды, аскер туткундарын, басып алынган аймактагы же согуштук аракеттердин районундагы жарандык калкты, согуш мезгилинде эл аралык коргоону пайдаланган башка адамдарды каршылаштын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө же орун которууга мажбурлоо, же болбосо алардын көз карандысыз жана калыс сотко болгон укугунан ажыратуу, же болбосо жазык сот өндүрүшүндө бул адамдардын коргоого болгон укуктарын чектөө, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү, же болбосо катуу кыйноо, кыйноо же мыкаачылык кылуу; же алардын макулдугу менен болсо деле, аларга медициналык, биологиялык жана башка эксперименттерди өткөрүү, азап чегүүгө, психикасынын бузулушуна, олуттуу майып болуусуна атайылап алып келүү; согуштук зарылдык болбосо деле мүлктү өзү билип бүлүндүрүү же өзүмдүк кылып алуу; же болбосо аларды өзүнүн аскерлерин же объекттерди согуш аракеттеринен жашыруу үчүн колдонуу; же болбосо мындай адамдарды барымта катары кармап алуу же кармап туруу; же болбосо жарандык калкты мажбурлоо иштери үчүн пайдалануу - адамзатка каршы кылмыштардын жана геноциддин белгилери жок болсо, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн киши өлтүрүү, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же VI категориядагы айып салуу менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-388)  
Кийинки берене: [390-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-390)
