# 386-берене. Апартеид

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 386-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-386

---

Расалык, диний, улуттук, этностук, саясий же башка социалдык топту мындай топтун жана анын мүчөлөрүнүн үстүнөн үстөмдүк кылуусун орнотуу жана колдоо максатында кеңири масштабдагы же такай куугунтуктоонун алкагында жасалган жосундар, төмөнкүдөй жолдор менен жасалган:

1) анклавдарды жана геттолорду түзүү, андагы жашоо шарттары ал топторду жарым-жартылай жок кылууга эсептелген;

2) аларды мыйзамсыз депортациялоо же зомбулук менен орун котортуу;

3) аларды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу;

4) аларды уурдоо;

5) аларды кулчулук эмгекте колдонуу;

6) аларды соода кылуу;

7) аларды мыйзамсыз кармоо, камакка алуу же камакта кармоо;

8) аларды катуу кыйноо;

9) аларды сойкулукка тартуу;

10) аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилдик берилген негизги укуктарынан ажыратуу;

11) аларды өлтүрүү;

12) алардын ден соолугуна оор зыян келтирүү;

13) зордуктоо, аларга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди кылуу, ошого тете аларды мажбурлап кош бойлуу кылуу, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [385-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-385)  
Кийинки берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-387)
