# 371-берене. Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 371-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-371

---

1. Адамдардын же транспорт каражаттарынын, контрабандалык жүктөрдүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз мыйзамсыз өткөрүүгө этиятсыздыктан алып келген, же болбосо башка олуттуу зыян келтирген, чек ара нарядынын курамына кирген же чек ара кызматынын башка милдеттерин аткарган адам тарабынан чек ара кызматын өтөө эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [370-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-370)  
Кийинки берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-372)
