# 370-берене. Күжүрмөн нөөмөттү өтөө эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 370-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-370

---

1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген Кыргыз Республикасына күтүлбөгөн кол салууну өз убагында табуу жана анын мизин майтаруу боюнча, анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күжүрмөн нөөмөттү (күжүрмөн кызматты) өтөө эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, -

тартиптик аскер бөлүгүндө алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кармоого, же болбосо I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө абалдагы шарттарда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-369)  
Кийинки берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-371)
