# 368-берене. Дезертирдик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 368-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-368

---

1. Дезертирдик, башкача айтканда бөлүктү же кызмат өтөө жайын узактыгы 30 суткадан ашык мезгилге же аскер кызматын андан ары өтөөдөн таптакыр эле качуу максатында өзү билемдик менен калтырып кетүү, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кызмат боюнча ишенип берилген куралды алуу менен дезертирдик, ошого тете алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган дезертирдик, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө абалдагы шарттарда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-367)  
Кийинки берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-369)
