# 367-берене. Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186179..1186180>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 367-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-367

---

1. Чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысынын бөлүктү же кызмат өтөө жайын өзү билип таштап кетүүсү, ошого тете бөлүктөн бошотулганда, дайындалганда, которулганда, иш сапарынан, өргүүдөн же дарылоо мекемесинен он суткадан ашык, бирок отуз суткадан ашпаган мезгилде кызмат өтөөгө жүйөсүз себептер менен келбегендиги, -

Тартиптик аскер бөлүктө үч айдан алты айга чейин кармоого жазаланат.

11. Ошол эле жосундар контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары тарабынан жасалса, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат

2. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуштук же өзгөчө абал шарттарында жасалган ошол эле жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-366)  
Кийинки берене: [368-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-368)
