# 366-берене. Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы уставдык эрежелерди бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186179..1186180>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 366-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-366

---

1. Аскер кызматчысы деген статусу таркатылган адамды мазактоо, же ага катаал мамиле кылуу же аны эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, же жеке кызыкчылыгында мажбурлап пайдалануу, ошого тете же аскерге керектүү болгон предметтерин андан опузалап алуу же тартып алуу, жабырлануучу менен баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчысы деген статусу бар адам тарабынан жасалган, -

Тартиптик аскер бөлүктө алты айдан бир жылга чейин кармоого же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамга карата;

2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) курал колдонуу менен жасалса;

2) этиятсыздыктан оор зыян келтирсе, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [365-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-365)  
Кийинки берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-367)
