# 365-берене. Начальникке карата зомбулук аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 365-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-365

---

1. Начальникке карата анын аскер кызматы боюнча милдеттерин аткаруусуна байланыштуу же аларды аткарып жаткан мезгилде, ошого тете өзүнө жүктөлгөн аскер кызматы боюнча милдеттерин аткарып жаткан башка адамга карата ага каршылык көрсөтүү же ушул милдеттерди бузууга мажбурлоо максатында өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) курал колдонуу менен же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган;

3) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө абалдарда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [364-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-364)  
Кийинки берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-366)
