# 364-берене. Буйрукту аткарбоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 364-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-364

---

1. Кызматтык кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирген баш ийүүдөгү адамдын начальниктин буйругун ачыктан-ачык аткарбоосу, ошого тете аны аткаруудан качуу, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосундар, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуштук шарттарда же өзгөчө абалда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Баш ийген адам кылмыштуу экендигин билип туруп буйрукту же тескемени аткаруудан баш тарткан учурларга ушул берене жайылтылбайт. Ушул Кодекстин 50 жана 51-главаларында каралган, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде жана аскердик кошуундарында; мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында; ошого тете аскер кызматын чакыруу боюнча же контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылары тарабынан, ошого тете запаста турган жарандар тарабынан аскер жыйымдарын өтөгөн мезгилинде жасалган кылмыштар баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине же аскердик мүлктү сактоого жана пайдаланууга каршы кылмыштар деп таанылат. Ушул эскертүүнүн экинчи абзацында эскертилбеген адамдар кошо катышкандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [363-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-363)  
Кийинки берене: [365-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-365)
