# 359-берене. Документтердин жасалмасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 359-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-359

---

1. Даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документтин жасалмасы, башкача айтканда расмий документке, билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды, оңдоолорду киргизүү; же мындай документти сатып өткөрүү, ошого тете ошол эле максаттарда жасалма мөөрдү же мамлекеттик сыйлыкты даярдоо же аларды сатып өткөрүү, -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Билип туруп жалган расмий документти пайдалануу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [358-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-358)  
Кийинки берене: [360-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-360)
