359-берене. Документтердин жасалмасы
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 48-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документтин жасалмасы, башкача айтканда расмий документке, билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды, оңдоолорду киргизүү; же мындай документти сатып өткөрүү, ошого тете ошол эле максаттарда жасалма мөөрдү же мамлекеттик сыйлыкты даярдоо же аларды сатып өткөрүү, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Билип туруп жалган расмий документти пайдалануу, -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
359-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 08.05.2020 · № 53
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-359" title="359-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>