357-берене. Жасалган кылмыш же жорук жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 48-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 мая 2019 года № 62
1. Жасалган жорук жөнүндө арызды же кайрылууну кызмат адамынын каттоодон баш тартуусу же жашырып коюусу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен V категориядагы айып салууга жазаланат.
2. Жасалган, же болбосо даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну кызмат адамынын каттоодон баш тартуусу же жашырып коюусу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен VI категориядагы айып салууга жазаланат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган олуттуу же оор зыянга алып келген жосундар, -
эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
357-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-357" title="357-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>