# 354-берене. Сот аткаруучусун коркутуу же ага карата зомбулук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 354-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-354

---

1. Аткаруу документтерин аткаруу боюнча сот аткаруучусунун ишине байланыштуу сот аткаруучусуна, же болбосо анын жубайына, жакын туугандарына карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирбеген шантаж кылуу же зомбулукту колдоном деп коркутуу -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [353-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-353)  
Кийинки берене: [355-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-355)
