# 352-берене. Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерин коркутуу же ага карата зомбулук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 352-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-352

---

1. Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайларынын кызматкерине же болбосо анын жубайына, жакын туугандарына, көрсөтүлгөн кызматкердин кызматтык ишине байланыштуу, ошого тете соттолгон адамга карата анын түзөтүлүшүнө тоскоолдук кылуу же анын коомдук милдеттерди аткаргандыгы үчүн өч алуу максатында шантаж кылуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [351-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-351)  
Кийинки берене: [353-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-353)
