# 351-берене. Айып салууга соттолгон адамдын сот өкүмүн аткарбоосу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 351-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-351

---

1. Жорукту жасагандыгы үчүн соттолгон адамдын же жоруктары же кылмыштары үчүн жазанын башка түрлөрү айып салууга алмаштырылган учурда, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга соттолгон адам тарабынан соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн аткарбоосу, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кызмат адамынын анын баш ийүүсүндөгү адамды белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүн аткарбоосу, -

III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [350-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-350)  
Кийинки берене: [352-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-352)
