347-берене. Жалган күбө болууга мажбурлоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 46-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Күбөнү, жабырлануучуну жалган көрсөтмөлөрдү берүүгө, же көрсөтмө берүүдөн качууга мажбурлоо, ошого тете экспертти жалган корутунду, көрсөтмө берүүгө, же адисти жалган көрсөтмө берүүгө же котормочуну туура эмес котормо жасоого шантаж кылуу менен, ошол адамдардын же алардын жубайларынын, жакын туугандарынын кимисиники болбосун мүлкүн жок кылуу, же болбосо талкалоо менен же аталган адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен коштолгон мажбурлоо, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
347-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-347" title="347-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>