# 345-берене. Эксперттин жалган көрсөтмөлөрү, корутундусу же туура эмес котормосу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186179..1186180>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 345-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-345

---

1. Күбөнүн, жабырлануучунун билип туруп берген жалган көрсөтмөлөрү, же болбосо эксперттин корутундусу же көрсөтмөлөрү, адистин көрсөтмөлөрү, ошого тете жарандык, же болбосо жазык сот өндүрүшүндө же сотко чейинки өндүрүштө билип туруп туура эмес которуу адам кылмыш же жосун жасады деп шектелгендиги же айыпталгандыгы менен коштолсо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Аткаруу өндүрүшүндө эксперттин билип туруп чыгарган жалган корутундусу же адистин көрсөтмөлөрү, ошого тете билип туруп туура эмес которуусу, -

III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга же IV категориядагы коомдук иштерге жазаланат. Эскертүү. Эгерде сотко чейинки өндүрүштө же соттук териштирүүдө соттун өкүмү же соттун чечими чыгарылганга чейин берген көрсөтмөлөрүнүн, корутундуларынын жалгандыгы жөнүндө же билип туруп туура эмес которгондугу жөнүндө ал билдирсе, күбө, жабырлануучу, же котормочу ушул беренеде каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [344-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-344)  
Кийинки берене: [346-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-346)
