# 343-берене. Пара алуу же коммерциялык сатып алууга чагымчылык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 343-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-343

---

Пара алууга же коммерциялык сатып алууга чагым жасоо, башкача айтканда кызмат адамына, же болбосо коммерциялык же башка уюмдарда башкаруу функцияларын аткаруучу адамга, анын макулдугусуз кылмыш жасоо далилдерин жасалма түзүү, же болбосо шантаж кылуу максатында пара берүү аракети, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Төмөнкүлөр пара же коммерциялык сатып алуу чагымчылыгы болуп эсептелбейт: пара алууга (же болбосо коммерциялык сатып алууга) умтулгандыктын белгилери жок болсо, анын алгандыгынын бетин кийин ачуу максатында мындай ниетти аныктоо (ишке ашыруу) үчүн мүмкүндүктү түзүү менен коштолгон, пара алуу ниети адамда бар экендигин алгачкы тергөө органынын кызматкери, тергөөчү же прокурор тарабынан аныкталуусу жана документтештирилиши; кызмат адамынын коррупцияга ниеттенгендигине мыйзамга ылайык текшерүүнү жүргүзүү, ал адам өзүнө карата ушундай текшерүүнү жүргүзүүгө алдын ала макулдугун берсе.

---

Мурунку берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-342)  
Кийинки берене: [344-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-344)
