343-берене. Пара алуу же коммерциялык сатып алууга чагымчылык
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 46-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Пара алууга же коммерциялык сатып алууга чагым жасоо, башкача айтканда кызмат адамына, же болбосо коммерциялык же башка уюмдарда башкаруу функцияларын аткаруучу адамга, анын макулдугусуз кылмыш жасоо далилдерин жасалма түзүү, же болбосо шантаж кылуу максатында пара берүү аракети, - IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Төмөнкүлөр пара же коммерциялык сатып алуу чагымчылыгы болуп эсептелбейт: пара алууга (же болбосо коммерциялык сатып алууга) умтулгандыктын белгилери жок болсо, анын алгандыгынын бетин кийин ачуу максатында мындай ниетти аныктоо (ишке ашыруу) үчүн мүмкүндүктү түзүү менен коштолгон, пара алуу ниети адамда бар экендигин алгачкы тергөө органынын кызматкери, тергөөчү же прокурор тарабынан аныкталуусу жана документтештирилиши; кызмат адамынын коррупцияга ниеттенгендигине мыйзамга ылайык текшерүүнү жүргүзүү, ал адам өзүнө карата ушундай текшерүүнү жүргүзүүгө алдын ала макулдугун берсе.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
343-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-343" title="343-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>