# 33-берене. Этиятсыздык кылмышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 33-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-33

---

1. Жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан жасалган укукка каршы жосун этиятсыздык кылмыш деп таанылат.

2. Эгерде адам өз жосунуна жазыктык укукка каршылык катары баа бербесе, бирок этияттык кылуу зарылдыгын түшүнсө жана зыян келтирилиши мүмкүн экендигин алдын ала көрө билсе, ага карабастан зыян келтирилбейт деп негизсиз үмүт кылса, кылмыш жеңил ойлуулуктан жасалган деп таанылат.

3. Эгерде адам этияттык кылуу зарылдыгына текебердик менен мамиле кылгандыктан, мындай зарылдыкты түшүнүүгө жана зыян келтирүү мүмкүндүгүн көрө билүүгө тийиш болсо да, аларды түшүнбөсө жана алдын ала көрө биле албаса кылмыш этибарсыздыктан жасалган деп таанылат.

4. Этияттык кылуу зарылдыгы ченемдик укуктук актылардын талаптары жана/же башка адамдардын кызыкчылыктары менен шартталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-34)
