# 328-берене. Пара берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 328-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-328

---

1. Кызмат адамына, чет өлкөлүк кызмат адамына же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамына же ошол кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын, же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамына пара берүүнүн ортомчусу аркылуу аракеттери (аракетсиздиги) үчүн пара берүүчүнүн же анын атынан чыккан адамдардын пайдасына кылган кызматтык ыйгарым укуктарына кирген, же болбосо аларга өзүнүн кызматтык абалы боюнча көмөктөшө алуучу, ошого тете пара берүү сунушун же пара алуу убадасын алуу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө;

2) билип туруп мыйзамсыз аракетти (аракетсиздикти) жасаса, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде кызмат адамы тарабынан пара опузалап алынса же эгерде адам жазык ишин козгоого укугу бар органга пара берүү жөнүндө ыктыярдуу билдирсе, пара берген адам, ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [327-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-327)  
Кийинки берене: [329-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-329)
