# 326-берене. Опузалап пара алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-326>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 326-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-326

---

1. Берүүчүнүн кызыкчылыгында анын мыйзамдуу укуктарын бузган аракеттерди (аракетсиздикти) аткаруу же аткарбоо үчүн кызмат адамынын жеке өзү же ортомчу аркылуу параны талап кылуусу, ошого тете укук тарабынан корголуучу кызыкчылыктарына зыяндуу кесепеттерди болтурбоо максатында пара берүүчүнү пара берүүгө мажбурлаган шарттарга коюу, -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө;

2) жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан, -

IV категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -

V категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [325-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-325)  
Кийинки берене: [327-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-327)
