# 325-берене. Пара алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 325-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-325

---

1. Кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын, же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамынын пара берүүчүнүн же анын атынан чыккан адамдардын пайдасына кылган өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарына кирген, же болбосо аларга өзүнүн кызматтык абалы боюнча көмөктөшө алган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жеке өзү же ортомчу аркылуу пара алуусу, ошого тете пара алууга макулдук берүүсү, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) мыйзамсыз аракеттери (аракетсиздиги) үчүн;

2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат тутумундагы кызмат ордун бергендиги үчүн;

3) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) ири өлчөмдө, -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар төмөнкүдөй жасалса:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жана IV категориядагы айып салууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 325-328 жана 343-беренелеринде пара деп, пара берүүчүнүн же анын атынан чыккан адамдардын пайдасына аракеттер (аракетсиздик) үчүн берилүүчү же алынуучу акчалар, баалуу кагаздар, башка мүлктөр же мүлктүк мүнөздөгү пайдалар түшүнүлөт. Кылмыш жасоо учурунда ушул Кодекстин 325-328-беренелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмү эсептик көрсөткүчтөрдөн бир миң эсе ашкан ири өлчөмдөгү пара деп, ал эми он миң эсе ашкан өзгөчө ири өлчөмдөгү пара деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-324)  
Кийинки берене: [326-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-326)
