# 323-берене. Мыйзамсыз баюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 323-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-323

---

1. Толук эки жыл үчүн мыйзамдуу булактар аркылуу тастыкталган расмий кирешелерден наркы ашып кеткен мүлктү кызмат адамы тарабынан менчикке (пайдаланууга) сатып алуусу же ал адамдын мындай мүлктү жакын туугандарына өткөрүп берүүсү, -

VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамдары тарабынан жасалса;

2) эгерде мүлктүн наркы кызмат адамынын толук беш жыл үчүн мыйзамдуу булактар менен тастыкталган расмий кирешелеринен ашса, -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен, III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [322-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-322)  
Кийинки берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-324)
