321-берене. Бийликтен аша чабуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен коштолгон кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы, же анын макулдугу менен ал адамдын ыйгарым укуктарынын чегинен ачыктан ачык чыккан аракеттерди жасоо (ушул Кодекстин 143-беренесинде каралган кыйноолордон башка), -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен;
2) этиятсыздыктан оор зыян келтирүү менен, -
VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
321-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-321" title="321-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>