# 320-берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 320-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-320

---

1. Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзү, же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган ошол эле жосун, -

VI категориядагы айып салууга, же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган этиятсыздыктан оор зыян келтирген жосун -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, -

IV категориядагы айып салуу менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [319-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-319)  
Кийинки берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-321)
