# 32-берене. Атайылап жасалган кылмыш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 32-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-32

---

1. Тикелей же кыйыр ниет менен жасалган укукка каршы жосун атайылап жасалган кылмыш деп таанылат.

2. Эгерде адам өз жосунун жазыктык укукка каршылыгын түшүнсө, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана зыян келтирүүнү кааласа, же болбосо зыян келтирүү болбой койбостугун алдын ала көрө билсе, кылмыш түздөн-түз ниеттенүү менен жасалган деп таанылат.

3. Эгерде адам өз жосунун жазыктык укукка каршылыгын түшүнсө, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе, зыян келтирүүнү каалабаса, бирок зыян келтирүүгө түшүнүп туруп жол берсе (зыян келтирилишине кайдыгер болсо) кылмыш кыйыр ниеттенүү менен жасалган деп таанылат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-33)
