# 3151-берене. Экстремисттик ишти каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2021 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112267)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186181..1186182>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-3151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-3151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 3151-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-3151

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну-даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай багышталат же пайдаланылат деген ниеттенүү же сезип билүү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) каражаттарды берүү, каржылык кызматтарды көрсөтүү же кандай гана болбосун усулдар же ыкмалар менен каражат жыйноо -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам, эгерде ал экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе жана (же) кылмышты ачууга жана алдын алууга көмөк көрсөтсө, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого даярданып жаткан же жасаган адамдарга тиешелүү каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролундагы каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же аларды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүү болуп таанылат. (КР 2021-жылдын 22-июлундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [315-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-315)  
Кийинки берене: [316-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-316)
