# 315-берене. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 315-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-315

---

1. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же берип жиберүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, ошого тете экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамы аркылуу пайдалануу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) чет өлкөлүк коомдук бирикмелерден, диний, же болбосо башка уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан алынган каржылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [314-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-314)  
Кийинки берене: [3151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-3151)
