# 314-берене. Экстремисттик уюмду түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2021 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112267)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186181..1186182>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-314>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-314.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 314-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-314

---

1. Иши улуттук, этностук, расалык, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы, жашаган жеринин белгилери боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын, же болбосо начардыгын пропагандалоо менен коштолгон экстремисттик уюмду түзүү, жетектөө, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу, ошого тете жарандарды анын ишине көндүрүү, азгырып жалдоо же тартуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуу, -

I категориядагы эркиндигинен ажыратууга же V категориядагы айып салууга жазаланат. Эскертүү. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуусун ыктыярдуу токтоткон адам, эгерде ал мындай уюмдун уюштуруучуларын табууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосуну үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2021-жылдын 22-июлундагы № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [313-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-313)  
Кийинки берене: [315-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-315)
