# 310-берене. Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 310-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-310

---

1. Бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен;

2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [309-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-309)  
Кийинки берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-311)
