# 31-берене. Күнөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 31-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-31

---

1. Ушул Кодексте каралган, өзү жасачу жосунга (аракетке же аракетсиздикке) жана анын укукка каршы кесепеттерине карата адамдын психикалык мамилеси күнөө болуп саналат. Күнөөнүн формасы болуп ниет же кокустук болушу мүмкүн.

2. Инсанга, коомго, мамлекетке же адамзаттын коопсуздугуна зыян келтирүү, ошондой эле аны келтирүү коркунучун түзүү зыяндуу кесепеттер деп таанылат.

3. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү беренеде (берененин бөлүгүндө) этиятсыздыктан (жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан) жосун жасоо тикелей көрсөтүлбөсө, анда мындай жосунду атайылап жасагандыгы үчүн гана жоопкерчилик келип чыгат.

4. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү беренеде (берененин бөлүгүндө) этиятсыздыктан зыян келтирүү тикелей көрсөтүлбөсө, анда атайылап зыян келтиргендиги үчүн гана жоопкерчилик келип чыгат.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-32)
