31-берене. Күнөө
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Ушул Кодексте каралган, өзү жасачу жосунга (аракетке же аракетсиздикке) жана анын укукка каршы кесепеттерине карата адамдын психикалык мамилеси күнөө болуп саналат. Күнөөнүн формасы болуп ниет же кокустук болушу мүмкүн.
2. Инсанга, коомго, мамлекетке же адамзаттын коопсуздугуна зыян келтирүү, ошондой эле аны келтирүү коркунучун түзүү зыяндуу кесепеттер деп таанылат.
3. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү беренеде (берененин бөлүгүндө) этиятсыздыктан (жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан) жосун жасоо тикелей көрсөтүлбөсө, анда мындай жосунду атайылап жасагандыгы үчүн гана жоопкерчилик келип чыгат.
4. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү беренеде (берененин бөлүгүндө) этиятсыздыктан зыян келтирүү тикелей көрсөтүлбөсө, анда атайылап зыян келтиргендиги үчүн гана жоопкерчилик келип чыгат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>