# 307-берене. Мамлекеттик чыккынчылык кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 307-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-307

---

1. Мамлекеттик чыккынчылык, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан жасалган, мамлекеттик же аскердик сырды берүү, тыңчылык же болбосо Кыргыз Республикасынын тышкы коопсуздугуна залал келтирген ишти жүргүзүүдө чет өлкөлүк мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга жардам көрсөтүү, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Согуш убагында жасалган ошол эле жосун, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин ушул беренесинде же 308-беренесинде каралган кылмыш жасаган адам, эгерде ал Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына залал келтирүүнү ыктыярдуу түрдө жана өз убагында билдирүү менен же башка ыкма менен болтурбай коюуга көмөктөшсө, ушул беренелерде каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [306-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-306)  
Кийинки берене: [308-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-308)
