306-берене. Компьютердик саботаж
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 42-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Компьютердик саботаж, башкача айтканда буга укугу жок туруп компьютердик маалыматты же программаны атайылап өзгөртүү, жок кылуу, бөгөт коюу, жараксыз абалга келтирүү, же болбосо компьютердик же телекоммуникациялык тутумунун иштөөсүнө тоскоолдук кылуу ниети менен компьютердик тутумунун иштөөсүнө кийлигишүү, ошондой эле компьютердик жабдууну катардан чыгаруу же компьютердик тутумду же тарамды бузуу, -
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) этиятсыздыктан ири залал же башка оор зыян келтирүү менен, -
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
306-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынынын 2017-жылдын 30-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар…Постановление · 30.06.2017
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-306" title="306-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>