# 305-берене. Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 305-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-305

---

1. Компьютердик маалыматка санкцияланбаган жеткиликтүүлүккө, жок кылууга, тосууга, модификациялоолого, компьютердик маалыматты көчүрүүгө же, компьютердик маалыматын коргоо каражаттарын нейтралдаштырууга, компьютердин тутумунун же компьютердик тарамдын, же электр байланыш тарамынын ишин бузууга багышталгандыгын билип туруп пайдалануу, же болбосо зыяндуу компьютердик программаларды жайылтуу максатында компьютердик программаларды түзүү же бар болгон программаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) этиятсыздыктан ири залал же башка оор зыян келтирүү менен, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-304)  
Кийинки берене: [306-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-306)
