# 30-берене. Жазык жоопкерчилиги келип чыгуучу курак

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 30-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-30

---

1. Кылмыш жасаганга чейин он алты жашка чыккан адам жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Кылмыш жасаганга чейин он төрт жашка чыккан адам ушул Кодекске ылайык киши өлтүрүү (130-берене), ден соолукка оор зыян келтирүү (138-берене), ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү (139-берене), зордуктоо (161-берене), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери (162-берене), киши уурдоо (170-берене), кишилерди соода кылуу (171-берене), уурдоо (200-берене), тоноо (201-берене), каракчылык (202-берене), опузалап талап кылуу (203-берене), автомототранспорт каражатын айдай качуу (206-берене), бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу (210-берененин 2-бөлүгү), терроризм актысы (239-берене 2 жана 3-бөлүктөрү), барымтага алуу (244-берене), атуучу куралды уурдоо же опузалап талап кылуу (257-берене), бейбаштык (266-берене), баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо (267-берене), баңги каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо, же болбосо опузалап талап кылуу (271-берене), транспорт каражаттарын же катнашуу жолдорун жараксыз абалга келтирүү (299-берене) үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-31)
