# 295-берене. Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана кармоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2020 года № 21 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере охраны водных биологических ресурсов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112019)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186173..1186174>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 295-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-295

---

1. Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана кармоо, эгерде бул жосундар механикалык транспорттук каражатты, өзү жүрүүчү транспорттук сүзүүчү каражатты же аба кемесин, жарылуучу заттарды же химиялык заттарды, электр тогун, балык уулоочу синтетикалык торлорду, газды же канаттууларды, айбанаттарды же балыктарды массалык жок кылуунун башка ыкмаларын колдонуу менен жасалса же ири зыян келтирсе, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) мамлекеттик коруктун, заказниктин аймагында же экологиялык апаат зонасында, же болбосо өзгөчө экологиялык кырдаалдын зонасында;

2) жаныбарлардын жоголуу коркунучунда турган жана сейрек кездешүүчү түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата;

3) кызматтык абалына байланыштуу жаныбарлар ишенип берилген же коргоого берилген адам тарабынан;

4) өзгөчө ири залалды келтирген;

5) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2020-жылдын 28-февралындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [294-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-294)  
Кийинки берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-296)
