Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
295-берене. Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана кармоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2020 года № 21
1. Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана кармоо, эгерде бул жосундар механикалык транспорттук каражатты, өзү жүрүүчү транспорттук сүзүүчү каражатты же аба кемесин, жарылуучу заттарды же химиялык заттарды, электр тогун, балык уулоочу синтетикалык торлорду, газды же канаттууларды, айбанаттарды же балыктарды массалык жок кылуунун башка ыкмаларын колдонуу менен жасалса же ири зыян келтирсе, -
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) мамлекеттик коруктун, заказниктин аймагында же экологиялык апаат зонасында, же болбосо өзгөчө экологиялык кырдаалдын зонасында;
2) жаныбарлардын жоголуу коркунучунда турган жана сейрек кездешүүчү түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата;
3) кызматтык абалына байланыштуу жаныбарлар ишенип берилген же коргоого берилген адам тарабынан;
4) өзгөчө ири залалды келтирген;
5) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2020-жылдын 28-февралындагы № 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-295" title="295-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>