# 288-берене. Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 288-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-288

---

1. Олуттуу залал келтирген мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо же болбосо корголуучу же жашылдандыруу чөлкөмдөрдө дарактарды жана бадалдарды алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, ошого тете кандай гана болбосун өзгөчө корголуучу дарактардын, же болбосо өзгөчө баалуу дарак түрлөрүнүн алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ири залал келтирген ошол эле жосундар, -

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [287-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-287)  
Кийинки берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-289)
