# 274-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 274-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-274

---

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, же болбосо баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды даярдоо үчүн колдонулуучу, атайын контролдо турган жабдууларды мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан аларды жоготууга алып келген, милдетине аталган эрежелерди сакталышы кирген адам тарабынан жасалган этиятсыз бузуу, -

IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор зыян келтирген ошол эле жосун

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-273)  
Кийинки берене: [275-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-275)
