# 270-берене. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн аларга атайын эрежелер белгиленген предметтердин контрабандасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 270-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-270

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун; күчтүү таасир этүүчү, уулуу, уулантуучу, радиоактивдүү же жарылуучу заттарды; куралданууну, жардыруучу түзүлүштөрдү, атуучу куралды же ок-дарыларды; ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык жок кылуучу куралдардын башка түрлөрүн; массалык жок кылуучу куралдарды жаратууда колдонулушу мүмкүн болгон жана аларга Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматты жана жабдууларды; Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык маанилүү чийки зат товарларын жана маданий баалуулуктарын, эгерде бул жосун бажы контролун кыйчап өтүү менен же бажы контролунан жашыруу менен, же документтерди, же бажы идентификациясынын каражаттарын алдап колдонуу менен жасалса, же болбосо декларациялабоо же туура эмес декларациялоо менен коштолсо, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосун:

1) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан;

2) бажы контролун жүзөгө ашыруучу адамга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

3) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-269)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-271)
