# 27-берене. Акыл-эси жайында эместик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 27-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-27

---

1. Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган мезгилде акыл эси жайында эмес абалда болгон, башкача айтканда, өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана келтирүүчү зыянын аңдап биле албаган же өнөкөт жин оорусунун, психикасынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыктын же психиканын башка оорулуу абалынын айынан аларды башкара албай калган адам жазык жоопкерчилигине тартууга жатпайт.

2. Кылмышты акыл-эси жайындагы абалда жасаган, бирок сот өкүмү чыгарылганга чейин өзүнүн аракеттерин (аракетсиздигин) аңдап-билүү же аларды жетектеп билүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыраткан жин оорусу менен ооруп калган адам жазага тартылууга жатпайт. Мындай адамга соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулушу мүмкүн, ал эми айыгуудан кийин мындай адамга жаза берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-28)
