# 269-берене. Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 269-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-269

---

1. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды өндүрүү же даярдоо үчүн багышталгандыгын билип туруп прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, берип жиберүү же сатып өткөрүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) ири өлчөмдө, -

VI категориядагы айып салуу менен же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берене, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниси бар прекурсорлордун тизмеги жана алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [268-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-268)  
Кийинки берене: [270-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-270)
