269-берене. Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 38-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды өндүрүү же даярдоо үчүн багышталгандыгын билип туруп прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, берип жиберүү же сатып өткөрүү, -
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) ири өлчөмдө, -
VI категориядагы айып салуу менен же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар -
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берене, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниси бар прекурсорлордун тизмеги жана алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
269-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-269" title="269-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>