# 267-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 267-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-267

---

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү,

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) ири өлчөмдө -

IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, ошого тете баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун, билип туруп жашы жетелекке сатуу, -

V категориядагы айып салуу менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берене боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңги заттардын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун тизмеги, ошондой эле алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө амалдары жасалганда. баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт.

---

Мурунку берене: [266-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-266)  
Кийинки берене: [268-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-268)
