# 266-берене. Ээнбаштык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 266-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-266

---

1. Ээнбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо караөзгөйлүгү менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, өзгөчө оройлук менен жасалган, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап одоно бузган аракеттер -

VI категориядагы айып салуу же II категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ээнбаштык:

1) адамдардын тобу же алдын-ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден-соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка предметтерди колдонуу же колдонуу аракети менен;

3) бийлик өкүлдөрүнө, же болбосо коомдук тартипти коргоо боюнча милдеттерди аткаруучу башка адамдарга каршылык көрсөтүү менен;

4) аба, суу, деңиз кемесинин, темир жол транспортунун бортунда, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [265-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-265)  
Кийинки берене: [267-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-267)
