# 265-берене. Жолдорду мыйзамсыз тосуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186172..1186173>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 265-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-265

---

1. Жолдорду, катнашуу жолдорун мыйзамсыз тосууну, башкача айтканда жол төшөлмөсүндө адамдардын топтолуусун жаратуу же калкалоочу курулмаларды, техниканы же башка предметтерди орнотуу жолу менен адамдардын, автомобилдик, темир жол же башка транспорт каражаттарынын кыймылына бөгөт коюуга же чектөөгө багытталган олуттуу зыян келтирүүгө алып келген аракеттерди уюштуруу же аны жетектөө, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жолдорду, катнашуу жолдорун мыйзамсыз тосууга катышуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат. (КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-264)  
Кийинки берене: [266-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-266)
