# 26-берене. Кылмыштын субъекти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 26-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-26

---

1. Кылмыштын субъекти болуп ушул Кодекске ылайык жазык жоопкерчилиги келип чыккан куракта кылмыш жасаган акыл-эси жайында адам саналат.

2. Атайын субъект болуп ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн белгилерге ээ болгон жана белгилүү бир гана адам субъект болууга мүмкүн болгон кылмышты жасаган адам саналат.

3. Юридикалык жак кылмыштын, жазык жоопкерчилигинин жана жазанын субъекти болуп саналбайт. Юридикалык жакка ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жана чектерде жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-27)
